Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Гүлчехра Оморова президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык 3-апрелде кызматынан бошотулган.
Гүлчехра Оморованын апасы Максуда Оморова анын кызматынан бошотулушу боюнча өз пикирин социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты. Ал жазган билдирүүсүндө кызы буйруктарды аткарбай койгондугу үчүн "жумуштан өз каалооң менен арыз жазып кет" деген бир канча ирет басым болгонун белгилеген. Ошондой эле өзү да 20 жыл сот тармагында иштеп, чыгарган чечимине карата бийликтегилер көзөмөл салганы менен, бирок чечим мыйзамдын негизинде гана болгондуктан, азыркыдай абал жаралбаганын кошумчалаган.
Мамлекет башчы Жээнбеков Гүлчехра Оморованы Тартип комиссиясынын сунушу менен кызматтан бошоткону белгилүү болгон.
Бул маселе боюнча Жогорку Сотко караштуу сот департаментинен SUPER.KG'ге 10-апрелде кабарлашкандай, Тартип комиссиясы кынтыксыз иштеп жаткан судьяны жумуштан бошотуу боюнча президентке жөн гана сунуштама жибере албайт. "Бул коллегиалдуу органга жарандар жана Башкы прокуратура тарабынан арыздар келет. Комиссия ар бир арызды дыкат изилдеп чыгып, андан кийин президент сунуштама берет. Оморовага карата да арыздар келип түшкөн. Изилденип, фактылар бар болгондон кийин гана сунуштама берилди", - деп билдиришти мекемеден.