
Бишкек шаарында жаңы троллейбустук каттамдар ачылат. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада №2, №3-троллейбустук каттамдар кошулат. №2-каттамда 11 троллейбус линияга чыгып, "Аламүдүн" базарынан эткомбинатка чейин каттайт. Ал эми №3-каттамда 15 троллейбус линияга чыгып, Жал кичи районунан жер бөлүштүрүү институтуна чейин жүрөт.
Борбор калаанын айрым көчөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоп түзөө иштерине байланыштуу №5, №9, №14-троллейбустук каттамдар убактылуу токтотулган. Ал эми №7, №8-троллейбустардын маршруттук каттамы өзгөртүлгөн.