Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт

Бишкекте бүгүн, 11-апрелде айрым аймактарда жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жарык берүү төмөнкү аймактарда үзгүлтүккө учурайт:

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Литовская көчөсү (№22, 22/1 үйлөр) менен Учкун кичи районунда (19, 20, 22, 23) жарык үзгүлтүккө учураса, саат 9:30дан 13:00гө чейин 8-кичи районунда (№32/1, 45-47, 46/1, 46/2, 77, 79, 81, 83) жарык өчүрүлөт.

Ал эми саат 9:30дан 17:00гө чейин Көлмө жаңы конушунда (Мыскал, Жеткинчек, Максат, Республиканская, Махатма Ганди көчөлөрү), саат 9:30дан 18:00гө чейин Мусулманкулов, Можайский, Щербаков, Кызыл-Кыя, Снегиров туюк көчөсү менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишкен жериндеги №145-үй, ошондой эле Керемет жаңы конушунда дагы (Кайназарова, Профсоюз, Месароша) жарык үзгүлтүккө учурайт.

Ошондой эле саат 10:00дөн 18:00гө чейин Чоң-Арык айылында, саат 13:00дөн 18:00гө чейин Көк-Жар кичи районунда (№6-11-9А-18-үйлөр) жана Көк-Жар конушунда (Көк-Жайык, Көк-Жаңгак, Достоевский көчөлөрү) электр жарыгына чектөө киргизилет.

Көрсөтүлгөн убакытта атайын бригада оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан