Рак илдетине чалдыккан айым: "Өзүңө болгон ишеним, алдыга жетелеген кыялдар менен ракты жеңсе болот"

Тагдыр адам баласын дайыма эле маңдайынан сылап эркелете бербейт. Турмуштун оор сыноосуна кабылып, бирок ошол сыноону татыктуу көтөрө билген адамдар аз. Бүгүнкү биздин каарманыбыз Айгүл Карнакова да өзү назик аялзаты экенине карабастан оор илдет менен күрөшүп, ага моюн сунбастан өзүнүн сүйүктүү кесиби менен алектенүүнү улантып келет.

- Алгач өзүңүздүн кесибиңиз тууралуу айтып берсеңиз? Эмне себептен бул кесипти тандап алдыңыз?

- Мен өзүм Бишкек шаарында Исхак Раззаков атындагы техникалык институтун экономика багыты боюнча бүтүргөм. Бирок бул кесип өзүмө такыр жакпайт, ошол себептен окууну бүтсөм деле ал кесип менен иштеген жокмун. Кичине кезимден тартып эле айымдардын косметикалык каражаттарына жакын болчумун. Алгач мектепте окуп жүргөн кезимде курбу кыздарымды кечелерге боёнтуп баштагам. Кийин кызыгуум артып бул иш менен профессионалдуу деңгээлде алектенүүнү чечтим. 2013-жылдан тартып сулуулук салонунда иштеп баштадым. Жаңыдан алдыга жакшы максаттарды коюп кардарларды топтоп, өзүм сулуулук салонун ачайын дегенде рак илдетине кабылганымды билдим.

- Рак илдетине кабылганыңызды билгенде кандай кабыл алдыңыз?

- 2014-жылы жай айында ичегимде залалдуу шишик пайда болуп рак оорусуна кабылганымды билдим. Рак деген атты укканда эле өлүм тууралуу ойлор келди. Көпкө кыйналдым, ыйладым. Биздин коомдо дагы рак оорусун айыкпас дарттай кабыл алышат эмеспи. Дарыгерлер 3-даражадагы рак экенин айтып дарылансам айыгып кетүү мүмкүнчүлүгүм бар экенин билдирип, 6 курс химиялык терапиядан өтүүмдү айтты.

- Бул кыйын күндөрдө ким жардам берип, ким колдоо көрсөтүп жатты?

- Бул илдетке кабылганым тууралуу алгач эч кимге айткым келген жок. Менин жакындарым, досторум мени аяр көздөрү менен карап, мага боору ооруп турганын каалаган жокмун. Бирок айтууга туура келди, айттым. Операция болдум 6 курс химиялык терапиядан өттүм. Ар 6 ай сайын анализ тапшырып турдум. Бардыгы өз нугуна келе баштаган. Бирок 2017-жылы жазында ооруй баштап дарыгерлерге кайрылсам, оорум күчөп 4-даражага жетип калыптыр. Жан айласы кылып Түркиядан ылайыктуу клиникаларды издештирип акча топтоп, унаамды сатып бул жакка келдим.

- Азыр абалыңыз кандай?

- Түркияга келгениме 8 ай болду, азыркы учурда залалдуу шишиктин чоң болгондугуна байланыштуу операция жасаганга болбойт. 11 курс химиялык терапия алдым. 12-терапия бүткөн соң шишиктин көлөмү кичирейген болсо операция жасалат. Дарыланганга акча каражаты керек болгондуктан досторум, жакындарым ар кандай акцияларды, мастер-класстарды өткөрүп түшкөн акчаны мага берип жатышты. Ата-энем жашаган үйдү сатууга да туура келди. Азыр ошол үйдүн акчасына дарыланып жатам. Кийин эмне болот билбейм.

- Алдыда кандай максаттарыңыз? Эмне тууралуу кыялданасыз?

- Ооруга карабай алдыга койгон максаттарым көп. Дартты жеңип өзүмдүн сүйгөн кесибимди уланткым келет. Дарыланып жатып социалдык тармактарда сулуулук академиясын көрүп калдым. Ал жактын жетекчиси орус улутундагы аял экен, сүйлөшсөм келип иштей берсең болот деди. Азыркы тапта иштеп да, окуп да жатам. Окуум бекер. Буюрса, май айында Украинада өтчү "Beauty" фестивалына катышайын деп даярданып жатам. Оорудан айыксам мекениме барып мен дагы окуу борборун ачып кыздарды окутайын деп турам. Ошондой эле бул илдетке кабылган айымдарга колумдан келген жардамымды көрсөтүп, аларга үлгү болуп колдоо көрсөтсөм дейм.

- Рак илдетине кабылып, оору менен күрөшүп жаткан айымдарга кандай кеңеш бересиз?

- Бул илдетке кабылгандан бери адам баласы башына кандай сыноо түшпөсүн аны көтөрө билиш керек экендигин түшүндүм. Алдыга максат коюп иштеш керек. Жакшы гана ойлорду ойлоп, кыялдана билүү дагы маанилүү. Өзүңдү аяп, коомдон четтебей, тескерисинче толук кандуу жашап, активдүү болуш керек. Ошондо гана ооруну жеңүү мүмкүн. Эч качан үмүттү өчүрбөш керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
momun74
2018-04-12 10:18:52
Айыгып кетишинди тилейбиз
+12
salimbek87.kg
2018-04-12 10:22:33
Дартыңызга дабаа берсин Аллахым алдыга койгон ой максаттарыныз орундалсын , азамат экенсиз алдыга карай умтула бериңиз.
+9
kutman-kg94
2018-04-12 10:51:54
Шыпасын берсин
+5
Mikra
2018-04-12 10:55:20
Эртээрек айыгып кет.Намаз окуп Аллахымданда сураныныз.Аллах беруучу зат.Оомин эртерээк айыгып кет.
+10
raykray
2018-04-12 11:42:13
Ден соолук каалайм!!! Кундорум окшош деп зееригип-калганда инстаграмдан-ушу кызга-кирип мотивация алам!!! Аябай кучтуу кыз дартты женип-чыгыныз!!!
+7
i1urp
2018-04-12 12:14:55
Жап жакшынакай айым экен. Умут адам менен жашайт. Умуттун тупку чеги жакшылык.
+2
nuri1
2018-04-12 12:19:41
Тенирим сизге умут берсин, ырыскысын берсин.
-3
surgeon777
2018-04-12 13:34:06
Кандай аянычтуу...Жаратканым оз камкордугуна алып,куландан соо айыгып кетиниз!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан