Казакстандын Астана шаарында жашаган 5 жаштагы Ернар Алибеков наристе болгонуна карабастан 60-70 жаштардагы адамдардай көрүнөт. Ернардын дарты тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
Маалыматка ылайык, Ернар Алибеков төрөлгөндөн бери тубаса дарт менен алышып келет. Дарыгерлер Ернарга “былбырак тери синдрому” деген диагноз коюшкан. Теңтуштарынан эрте карыган Ернар Алибеков келечекте белгилүү шахматчы болгусу келерин айтат. Ернардын атасы ширетүүчү болуп иштеп, үй-бүлөсүн багат.
Ернардын апасынын айтымында, алар Астанада чакан бир бөлмөлүү батирде 50 миң теңге төлөп жашашат. Ернар башка да оорулар менен жабыркайт.
Анын апасы: "Ернар жакшынакай эле төрөлгөн, кийин эле дарыгерлер толтура диагноздорду коюп, баламдын оорулуу экенин айтышты. Анын жүрөк кемтиги, астма оорусу бар, ошон үчүн да учакта көп жүрө албайт. Шарт болсо чет өлкөгө барып пластикалык операция жасаталы дегенбиз. Бирок ага көп акча кетет экен. Мамлекеттен батир алуу боюнча кезекте турабыз, бирок бизге кезек такыр эле жетпей койду”, - деп айткан.
Айта кетсек, Ернардын ата-энеси Ташкент шаарынан көчүп келишкен. Баласынын оорулуу төрөлүп калганын алар дарыгерлердин айтканына таянып, алыс туугандардан болгону менен түшүндүрүшөт.