Каза болгон депутат Жыргалбек Калмаматовдун тизмеде жүрүшү - техникалык ката. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде SUPER.KG порталына парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн Жогорку Кеңеш башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу боюнча президенттин сунушун колдоду.
Катталган 110 депутаттын ичинен, 2 депутат каршы добуш берсе, 105 депутат кызматтан алууну колдогон. Ал эми жыйынга келбеген депутаттардын арасында Жыргалбек Калмаматов дагы жүргөнү талкуу жаратты.
Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов ушул жылдын 1-январында каза болгон. 19-январда БШК каза болгон Жыргалбек Калмаматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткон. Аталган фракциянын катчылыгы "Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча депутат болууга кезекте Насыр Мусаев турганын билдирген. "Кыргызстан" фракциясы Насыр Мусаев ооруп, чет мамлекетте жүргөнү боюнча кабарлаган.