"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында бүгүн, 11-апрелде "Мыкты муниципалдык практика" аталышындагы эл аралык форум башталды.
Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик органдары жана орусиялык шаарлардын союзу тарабынан уюштурулган форумга дүйнөнүн 150 шаарынан келген өкүлдөр катышууда. Форумдун негизги максаты өнүккөн шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагындагы жана шаарды өнүктүрүүдө болгон иш-аракеттердин тажрыйбасы менен бөлүшүү болуп саналат.
Өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн Орусия, Германия, Финляндия, Түркмөнстан, Казакстан, Молдова, Өзбекстан, АКШ, Түштүк Корея, Албания, Кытай, Армения өлкөлөрүнөн өкүлдөр келген.
"Бул форумду биздин шаарда өткөрүү сыймыктуу жана маанилүү. Иш-чаранын жүрүшүндө биринчи жолу муниципалдык практиканын интерактивдүү картасы тартууланат", - деп Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов билдирди.
Форумдун ачылышында Орусия шаарлар бирикмесинин президенти Станислав Мошаров калаа башчысы Ибраимовго "Мыкты муниципалдык практика" форумунун кубогун салтанаттуу түрдө тапшырды.