УКМК Абдил Сегизбаевдин өлкөдөн чыгып кеткени же кетпегени боюнча жооп берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткени айтылууда. УКМКнын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына бул маалыматты тастыктап же четке каккан жок.

"Абдил Сегизбаевдин өлкөдөн чыгып кеткени же кетпегени боюнча маалыматыбыз жок", - деп УКМКдан кыскача жооп беришти.

Айта кетсек, 7-апрелде Абдил Сегизбаев берген арызынын негизинде УКМКнын төрагалыгынан бошотулган.

Абдил Сегизбаев 1973-жылы 2-июнда Фрунзе шаарында туулган.

1996-жылы - Бишкек шаарындагы Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунан агроном кесибин алып чыккан;

1995-2000-жылдары - "Сорос-Кыргызстан" фондунун координатору;

2000-2003-жылдары - Швейцариялык эл аралык кызматташуу боюнча ассоциациясынын кызматкери;

2003-2005-жылдары - Кыргыз өлкөсүнүн президенти Аскар Акаевдин маалымат катчысы;

2011-2012-жылдары - президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы;

2012-жылы - Кыргыз Республикасынын президенттик аппаратынын маалыматтык саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчиси – Кыргыз Республикасынын президентинин жардамчысы;

2012-жылы - Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат саясаты боюнча кеңешчиси;

2014-жылы - УКМКнын орун басарлык деңгээлинде иш алып барган Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын жана тобокелчиликтерди талдоо боюнча кызматтын директорлугуна дайындалган;

2015-2018-жылдары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Jelezo
2018-04-11 15:03:02
Билбейм деген УКМК кызматкерин тез арада кызматтан алыш керек келесоо болуп калышат
+14
Daak9091
2018-04-11 16:16:11
Атанбай эмне учун озу кытайга барып бир нерселерине катышышып кытайдын бир чону сенен жолугуп жатат же озум билемдикби бул нерсени карап угуп чондор бир нерсе дебей олтуратко негизи мындай нерсе мыйзамды бузу болуш керек
0
altyn7776
2018-04-11 17:37:05
Daak9091, Кытайга барып мен комуско ажомун деп журсо керек да... Самолеттон Текебаевди тосуп алгандай, тосуп алсак жакшы болот эле...озуно жараша иш кылып
+6
aitowa11
2018-04-11 17:01:26
Эмне коррупционерлер ушунтип эле качып кетип кутулушабы
+4
Almaz.bim
2018-04-11 17:19:40
Бул Сегизбаевди кармап кылган катаалары учун 15 жылга сотоо керек.Ото коп адамдардын убалында калды.Бул элибиздин Мамлекетибиздин кызыкчылыгын четке койуп,Атамбаевдин кызыкчылыгын ойлоп Иш кылып Кеебири Депуттаттарды камап жиберем деп калган еле.Жанар Акаевгеда катуу тийген болчу.Ошондой эле Баш прокурор да жооп тартуу керек.
+3
fora
2018-04-11 17:19:49
Сегизбаев Акаевтин уйуно кел москвага дворник болуп жан багып турасын
0
mirsapar
2018-04-11 18:03:31
Эмнеге эртелеп качты, ак болсо майга чейин туруп турбабтыр да
+5
Erkinbek1978
2018-04-11 21:58:15
Бул далбан качты тиги далбан кытайда жүрөт .ал башчы менен жолукканга кандай акысы бар ким ал негизи.ал жөнөкөй ХХХХХХХХ
+3
admin_media
2018-04-12 09:48:14
Erkinbek1978, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
0
bond02
2018-04-11 23:50:16
кесиби агроном болсо, анан бир мамлекеттин укук коргоо кызматына башчы кылып койгон адамдын башы жок.
+2
nurbekasr
2018-04-12 08:21:19
Атамбайыпты суракка алуу керек аэропорттон келери менен,ал немеге ким уруксат берди Кытай лидери менен жолугушууга.АШАнын Кытайга эмне жөнүндө эмне иш менен кетти, мамлекеттик же жеке иштери мененби, кайсыл самолёт менен кетти жана башкаларын ушуларды териштире турган орган барбы деги?Бул адатынча дагы чырлуу ишти баштаганы калды Кыргызстан үчүн.Бул эми жарытбайт колунан оозунан жакшылык келбейт.Бизди 6 жыл артка тартып башкарганына кейиймин да.Муну суракка алып жоопко тартуу керек элдер.
+3
altyn7776
2018-04-12 08:57:55
Сегизбаев жоопко тартылыш керек! Текебаевге коюлган айып дагы деле аныкталган жок, жыйынтыгы ден соолугунан ажырап, саясий бедели сынды. Садыр Жапаровду да кыйнап, кескилешип айбандыгын корсотушту. Буларды жон эле кызматынан алып койсо, эртен кайра эле ушундай шумпай келет. Мындай корунуш ажобуздун беделин тушурот. Экспрезидентти баш кылып калганын тош кылып баарын сурака алып, айыбына жараша отургузуу керек.
+3
tular
2018-04-12 09:27:24
Абдил адам катары абдан жакшы адам.
-5
Adiletia
2018-04-12 23:23:37
tular, адам эмес чөө
0
amirrus
2018-04-12 09:29:52
Миш миш жон чыкбайт демек кетти бир ууру ...
+3
amirrus
2018-04-12 09:33:14
Аташканын былыгы четтен чыгат, президент мырза катуу туруп Аташканы камасаныз чыныгы адилеттик болмок
+3
Buudaiuk
2018-04-12 10:05:31
Садыр жапаровду да ушу камаган.ордуна киргизип салыш керек
+2
jbolotov
2018-04-12 11:03:44
Кыргызстан бал аламандык калптын мекени болуп калдыго. Башка олколордо УКМКга чет элдик ишканага иштеген адамды жолотбойт улуттук коомсуздук кызматына. А бул жалан чет элдин кызыкчылыгына иштеген фонддордо ишин баштаган экенда... Анан стратегиялык маанидеги ишке кирсен ата жотон жонундо иликтемиш болгондору кулкуну келтирет, балык башынан сасыган экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан