Абакта жаткан саясатчылардын жакындары аларга карата чыгарылган соттук чечимдерди кайра карап чыгууну талап кылышууда. Ал үчүн атайын комиссия түзүп, анын курамына сот системинде тажрыйбасы бар юристтерди киргизип, саясатчыларга карата чыгарылган соттук чечимдерди дыкат иликтеп чыгуусун сунуш кылышты. Ошол эле учурда абакта жаткан мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Искендер Афиджанов депутаттык комиссия түзүү зарылдыгын айтып, анын сунушун башкалар колдоого алды.
Сот тарабынан 4 жылга эркинен ажыратылып, учурда жаза мөөнөтүн шарттуу түрдө өтөп жаткан Дастан Сарыгулов Жогорку Кеңештин депутаттарын бул багытта расмий чечим кабыл алууга чакырды.
"Бул аракетиңиздерди буга чейин башташыңыздар керек эле, бирок азыр да кеч эмес. Ошондуктан Жогорку Кеңеш расмий чечим кабыл алып, тез аранын ичинде аракет жасашы керек. Антпесе, азыр "УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев менен башкы прокурор Индира Жолдубаева чет өлкөгө чыгып кетти" деп жатышат. Тез арада чара көрүлбөсө, тергөөчүлөрдөн бери чыгып кетет", - деди Сарыгулов.
Айта кетсек, депутаттар менен жолугушууда саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Дүйшөн Чотоновдун, Канат Исаевдин, Садыр Жапаровдун, Максат Кунакуновдун, Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадырбековдун, Эрнест Карыбековдун туугандары менен жактоочулары катышты. Мындан тышкары экс-президент Алмазбек Атамбаевге сотто утулган журналисттер Нарын Айып жана Дайырбек Орунбеков жыйынга келишти.