Жанар Акаев: "Абакта жаткан саясатчылардын көпчүлүгү саясий мүнөздө соттолгон"

"Абакта жаткан саясатчылардын көпчүлүгү саясий мүнөздө соттолгон", - деп бүгүн, 11-апрелде депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңеште соттолгон саясатчылардын жакындары менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, саясатчылардын буйруктун негизинде камалуусуна тиешеси бар адамдарды жөн гана жумуштан алып коюу туура эмес.

"Саясий буйрук аткарсак, камалат экенбиз" деп корко турган кылышыбыз керек. Азыр камалган саясатчылардын баары эле саясий мүнөздө соттолушту. Бул жерде Дастан Сарыгулов отурат. Бул кишини бийликти басып алууга аракет кылган деген негизде соттошту. Колунда таягы турат. Ак үйдүн 6 эшигин ачып коюп чакырсаң да, араң басып келет. Бул киши ушул абалы менен бийликти басып алып эмне кылат?

Сиздер саясий бандиттик режим менен күрөшүп жатасыздар. Эми азыр жаңы президентке үмүт оту жанды, ыраазы болуп жатабыз. Керек болсо, ал киши адилетсиз камалгандарды мунапыс берип абактан чыгарып жиберсе дагы ыраазы болобуз. Ошондуктан биз жакынкы күндөрү жооптуу кызмат ордуна келчү адамдардын талапкерлигин карайбыз", - деди Жанар Акаев.

Айта кетсек, депутаттар менен жолугушууда саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Дүйшөн Чотоновдун, Канат Исаевдин, Садыр Жапаровдун, Максат Кунакуновдун, Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадырбековдун, Эрнест Карыбековдун туугандары менен жактоочулары катышты. Мындан тышкары экс-президент Алмазбек Атамбаевге сотто утулган журналисттер Нарын Айып жана Дайырбек Орунбеков жыйынга келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nemo2016
2018-04-11 14:41:38
Атамбайев кытай башчысына жолугуп Бир балээни баштабаса болду
+1
Mikra
2018-04-11 15:21:17
Урматтуу супер.эмне учун талкуларды жабык деп жатасыздар.Мен мынау кок мээ Зарылбек Рысалиевге бир соз жазайын дегем.Убагында МВД.жетекчи болгондо корупсия кылымышты ушул киши баштаган.Ашанын артында минтип креслого келип алып оозун чойбосун.биринчи ушул кишини сурака алыш керек.сотторго кошуп.казелду.келме кезек деген бар.Текебаевдин ордунда сен кылымышкерсин сен отурушун керек болчу.Ашанын ХХХХХХХХ Рысалиев ди суракка алгыла
+1
tynara81
2018-04-11 16:11:05
Mikra,эртең эле Текебаевдин ордунда өзү болуп калышы мүмкүн экендигин ойлобойт бекен дейм да бул Рысалиев. Кылмышкер имиш Текебаев. Күнөөсү далилденбей камалганын көпчүлүк билет
+4
Adiletia
2018-04-11 16:44:28
tynara81, экөөнүн бирөөсү качат же камалат
+1
Drongo
2018-04-11 19:33:49
Жогорудагы аты аталган саясатчылар,акталып эркиндикке чыгышса эн жакшы болмок.Андай болсо президенттин эл алдында аброю которулмок.Азырынча умут кылып туралык,ажонун адилеттуу болушуна.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан