Кыргыз өлкөсүндө ичимдикке берилген аялдардын саны жыл санап өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде “Дарыгерлер тынчсызданууда – Кыргыз өлкөсүндө ичимдикке берилген аялдар менен баңгизатын колдонгон өспүрүмдөр көбөйүүдө” деген маселенин алкагында өткөн маалымат жыйында айтылды.
Улуттук наркология борборунун дарыгери Венера Жанузакованын айтымында, көпчүлүк ичимдикке берилген айымдар бул дартты оору катары эмес, адат катары эсептешет. Аларда бул маселе менен дарыгерге кайрылуу - уят деген ой калыптанып калган. 2016-жылы ичимдикке берилген деп 3 миң 601, ал эми 2017-жылы 3 миң 961 аял катталган.
Дарты менен күрөшүү үчүн дарылангандардын саны - 2016-жылы 507 болсо, 2017-жылы 607 адамды түзгөн.
“Ичимдикке берилип кеткенин моюнуна албай, аны жашырган айымдар көп. Алардын бул жолго барышына көп факторлор себеп болушу мүмкүн. Айымдар мырзаларга караганда стресске анча туруштук бере алышпайт. Күйөөсү таштап кеткен, ажырашуу процессин башынан өткөрүп жүргөн, жакынын жоготкон болушу мүмкүн. Айымдар мырзаларга караганда эмоционалдуураак келет. Спирт ичимдиктерин көбүнчө көйгөйлөрүн убактылуу унутуш үчүн ичишет. Бирок ичимдик алардын маселесин, албетте, чечип бербейт", - дейт врач-нарколог Жанузакова.