Кыргыз өлкөсү аркылуу өткөн, жүк алып келген чет элдик жүк ташуучуларга айып пулдун көлөмүн 5 эсе жогорулатуу сунушталды. Мыйзамга киргизиле турган мындай өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңеш бүгүн, 11-апрелде карады.
Ага ылайык, Транспорт жана жолдор министрлиги чет элдик оор жүк ташуучу унаалар уруксаты жок Кыргыз өлкөсүнө кирген учурда аларга коюлган айыпты жогорулатууну сунуштап жатат. Учурда айып акчанын көлөмү 10 миң сомду түзөт. Министрлик бул айып акчанын көлөмүн 50 миң сомго жеткирүүнү сунуштоодо.
Айып акчанын көлөмү көрсөтүлгөн маршруттар бузулган учурда да каралат. Бул жергиликтүү жүк ташуучулардын кызыкчылыгын эске алуу менен кабыл алынып жатканы айтылат. Транспорт жана жолдор министри 2017-жылы чет элдик жүк ташуучулардан түшкөн каражаттын көлөмү 5 миллион сом болгонун, мыйзам кабыл алынса, бул 50 миллионго чейин жетерин айтты.
Мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди.