Кыргыз өлкөсүндө доллар 43 тыйынга жогорулады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан маалымдалды.
"11-апрелге карата доллардын наркы 43 тыйынга жогорулаган. Бирок бул жогорулоо базардагы суроо-талапка гана байланыштуу. Бүгүнкү күндө валюталардын баасы туруктуу. Улуттук банк валюталардын курсун аныктап, мониторинг жүргүзүп турат", - деп билдирди.
Ал эми Экономика министрлигинин макроэкономика саясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев буларга токтолду.
"Рублдун куну төмөндөсө, Кыргыз сомуна да таасирин тийгизет. Анткени биздин экономикабыз Орусия менен тыгыз байланышта. Ошондой эле учурда Орусияда салык төлөө мөөнөтү келди. Алар салыкты, төлөмдөрдү рубль менен жүзөгө ашырат. Андыктан жакынкы арада абал жөнгө салынып, валюталардын курсу туруктуу болот. Себеби Орусиянын Борбордук банкы жана Экономика министрлиги доллар менен евронун кескин түрдө кымбаттап кетишине жол бербейт".
Белгилей кетсек, буга чейин Орусияда доллар менен евронун наркы жогорулап, рублдун куну түшүп кеткен.