Айла жоктугунан улам бир учурда бир нече көчөнү жаап, жолдорду оңдоп жатабыз. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш боюнча башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев кабарлады.
Бир мезгилде кыймыл токтобогон бир нече көчөнү оңдоп-түзөө иштерине жабуу жолдордо тыгындарды пайда кылып, тургундар үчүн ыңгайсыздык жаратууда. Бул маселе боюнча курулуш башкармалыгынын башчысы Эшенбаев төмөндөгүлөрдү билдирди:
"Жалпысынан 38 чакырым жолду оңдоп-түзөө иштери каралган. 23 көчөнүн ичинен он беши быйыл оңдолот. Мунун кесепетинен унаа тыгындары пайда болуп жатат. Бирок бул ишке биз айла жогунан улам бардык. Жолдорду оңдоо боюнча иштелип чыккан долбоор 2017-жылы кабыл алынган, 2 жылдын ичинде долбоордо каралган иштер жасалып бүтүшү керек. Бизде жумуш көп, убакыт аз. Шаар тургундары түшүнүү менен кабыл алат деп ойлойм".
Жолдорду тез убакыт ичинде оңдоо иштери жүрүп жатканы менен сапаты кандай болуп жатат деген суроого Эшенбаев:
"Жолдор атайын белгиленген нормаларга ылайык салынып жатат, алар бүткөн соң, атайын комиссия жолдордун абалын, сапатын текшерип, анан гана кабыл алат", - деп билдирди.
Ошондой эле жетекчи жолдорду оңдоп-түзөө иштерин тездетүү үчүн кошумча жумушчу күчүн тартууга мүмкүн эмес экендигин жана буга каражат каралбагандыгын кошумчалады.