Адис: "Психоактивдүү заттарды колдонгон өспүрүмдөр көп. Ата-эне баласын жакшы көрүп гана чектелбестен, катуу көзөмөл да кылыш керек"

Бүгүн, 11-апрелде “Дарыгерлер тынчсызданууда – Кыргыз өлкөсүндө ичимдикке берилген аялдар менен баңгизатын колдонгон өспүрүмдөр көбөйүүдө” деген маселенин алкагында маалымат жыйын өттү. Медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборунун директорунун орун басары Мелис Исаков ата-энелер баласынын психоактивдүү зат колдонгонун билсе, дароо адиске кайрылышы керек деп билдирди.

"Өспүрүмдөр аларга жеткиликтүү болгон желим, ацетон, күйүүчү май жытташат жана өспүрүмдөр арасында ушул психоактивдүү заттар популярдуу болуп кеткен. Баласынын жүрүм-турумунан шек санап же башкача болуп өзгөргөнүн көргөн ата-эне ал абалды унуткарбай, дароо наркологго же психологго кайрылышы кажет. Көпчүлүк ата-энелер балдарына ишенет, баланы жакшы көрүш керек, бирок аны менен бирге катуу көзөмөлгө алганы туура", - деди ал.

Ошондой эле Исаков 2010-жылы кара куурай чегип кармалган өспүрүмдөр көп болгонун кошумчалады. Мындан сырткары, 12-14 жаштагы өспүрүмдөр арасында психоактивдүү заттарды колдонуу кенен жайылганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан