Сатуучулар гезит сатылган жайды жабууну пландап жаткан шаар мэриясына нааразы

Сатуучулар гезит саткан жайды жабууну пландап жаткан Бишкек шаардык мэриясына нааразы. Бул тууралуу 11-апрелде гезит сатып иштеген Чынара Мырзабаева SUPER.KG порталына билдирди.

"Биз Свердлов районундагы Чуйков көчөсүндө 1998-жылдан бери гезит сатып иштейбиз. Жакында шаар мэриясынын кызматкерлери келип, "күркөлөрдү сүрдүрөбүз, силер бул жерде мыйзамсыз турасыңар" деп гезит сатуучу жайды жабууну пландап жатышканын билдиришти. Биз 2009-жылы жерди пайдаланганыбыз үчүн деп 10-15 миң сомдон төлөгөнбүз. Мындан сырткары патент алып иштейбиз, "Тазалыкка" беребиз, электр жарыгына төлөйбүз. Пайдаланып жаткан жерибизге салык төлөгүлө десе төлөмөкпүз, бирок бизге ооба же жок деп жооп айтыша элек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан