КҮНСЕРЕП: Жогорку Кеӊеш 180 градуска бурулду

Бүгүн, 11-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Жогорку Кеӊеш президенттин башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан кетирүү сунушун колдоду. Сунушка 105 депутат макул деп добуш берсе, 2 депутат каршы добуш берди.

Буга чейин Атамбаевдик кадрларга парламенттеги колдоо болуп келген КСДП фракциясынан Данияр Аттокуров, Чыныбай Турсунбеков, Дастан Бекешов өңдүү депутаттар бул жыйынга келбей коюшса, Ирина Карамушкина, Марат Аманкулов өңдүү депутаттар добуш бербей коюшту. Индира Жолдубаеваны кызматтан алууга каршы 2 гана депутат, Аалы Карашев менен Асел Кодуранова добуш беришти. Жогорку Кеңештеги маанайды көрүп турган Индира Жолдубаева “менин катышуумсуз карай бергиле” деп, жыйынга басып келбей койду.

Тагдырдын тамашасы менен Жолдубаева туулган күнүндө отставкага кетирилди. Дагы бир кызык, 2015-жылы аны баш прокурорлукка шайлоодо да 105 депутат колдоп, 2 депутат каршы чыкканында болду.

Жолдубаеваны кызматтан алуу үчүн президентке 61 депутаттын добушу жетиштүү болчу. 105 добуш – Жогорку Кеӊештен президент Жээнбековго берилген ишеним кредити.

Көрүнүп тургандай, Жээнбеков экс-президент Атамбаевдин кадрларынан “арылууну” 31-марттан кийин баштады. Ал күнү КСДП партиясынын төрагалыгына шайланган экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге пресс жыйын берип, азыркы президенттин дарегине көп иштер боюнча сын айтып, экөөнүн мындан ары бир командада эместигин ачыкка чыгарган. Муну менен Алмазбек Атамбаев президент Жээнбековдун тушалуу колун бошотуп койду десе болот. Буга чейин мурунку президент менен азыркы президенттин ортосунда келишпестиктер пайда болгону ушак иретинде айтылып, эч бир тарап тарабынан тастыкталбай келе жаткан. Атамбаев өзү ачыктаган соң Сооронбай Жээнбеков чечкиндүү кадамдарга өтүп, өз алдынча кадрдык саясат жүргүзүүнү баштады.

Акыркы 10 күндө Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы, УКМКнын 9-бөлүмүнүн башчысы Дамир Мусакеевди, Атамбаевдин мурунку жардамчысы, кеңешчиси, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди, Атамбаевдин мурунку жан сакчысы, УКМК төрагасынын орун басары Болот Сүйүмбаевди кызматтан алды. Бүгүн парламенттин Индира Жолдубаеваны отставкага кетирүүсү менен Жогорку Кеңеш кимдин таасирине оогону белгилүү болуп калды. Саясаттагы окуялардын мындай космостук ылдамдыкта өнүгүүсү өкмөттү алмаштырам десе деле Жээнбековдо маселе жаралбай турганын көрсөттү.

Чиновниктерди кызматтан алуу бир иш, ал эми аларды мыйзамсыз иштери үчүн жоопкерчиликке тартуу башка иш. Жолдубаева Башкы прокуратураны башкарып турган жылдары өлкөдө резонанс жараткан көп кылмыш иштери ачылып, Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, Бектур Асанов, Аида Салянова өӊдүү белгилүү саясатчылар соттолушту. Депутаттар Жолдубаеваны кызматтан алуу жетишсиз экенин, депутаттык комиссия түзүп мыйзамсыз козголгон кылмыш иштери боюнча Жолдубаеванын жоопкерчилигин кароону сунуштап жатышат. Парламент спикери Дастан Жумабеков депутаттык комиссия түзүү үчүн фракциянын чечими керектигин айтты. Демек бул маселе фракциялык жыйындарда кайрадан көтөрүлөт.

Акыркы күндөрдөгү окуялар эки нерсени даана көрсөтүп жатат. Биринчиси, Алмазбек Атамбаев бир нече айлык тыныгуудан кийин саясатка кайтуу менен Атамбаев-Жээнбеков ажырымын күчөтүп, парламент депутаттарын тезирээк тандоо жасоого түртүп, жыйынтыгында Жогорку Кеңештеги өз таасирин жоготууга алып келди. Экинчиси, президент Жээнбеков бул тиреште көптөн бери кыргыз бийлиги көрө элек колдоого ээ болду, Жогорку Кеңештен дагы, көчөдөгү оппозициядан дагы. Бирок ал колдоо, ал ишеним азырынча карызга берилүүдө. Колдоону өлкөнүн өнүгүүсүнө багыттайбы же ушундай колдоодон башы айланып Ак Үйдө кайрадан ажыдаар ойгонобу? Алдануудан оозу күйгөн кыргыздардын башында бул суроо да тегеренип жаткан кези...

Экс-депутат Өмүрбек Текебаев отурган камеранын ичине коюлган видеокөзөмөл алынды. Бүгүн премьер Сапар Исаков Текебаев отурган жайдан видеокамераны алып салуу боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына тапшырма берип, түштөн кийин Жогорку Кеӊеште ЖАМКнын төрагасынын орун басары Жоробек Дүйшөмбиев видеокамера алынганын айтты. Үч айдан бери айтылып, жазылып келе жаткан маселе, көрсө, жарым күндө премьердин тапшырмасы менен чечилмек экен.

2018-жылы январда “Ата Мекендин” лидери отурган камеранын ичи-тышына видеокөзөмөл коюлган. Түрмө жетекчилиги бул аракетин “Текебаевдин коопсуздугу үчүн” деп түшүндүрүп, ал эми Текебаев тарап, өзү баш болуп каршы болушкан. Экс-депутаттын адвокаттары бул аракетти Текебаевге моралдык-психикалык жактан басым жасоо, кыйноонун бир түрү деп баа беришкен. Абактагы адам отурган камеранын ичине видеокөзөмөл орнотуу, ал адам террорчу же дагы ушул сыяктуу коомго коркунучтуу кылмышкер болбогон соң, туура эместигин Жогорку Кеӊештин депутаттары, Акыйкатчы институту, Кыйноолордун алдын алуу борбору да айтып чыгып, бирок ЖАМК реакция кылбай келе жаткан. Бүгүн Жогорку Кеңеште бул маселе сөз болгондо “Республика–Ата Журт” фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев нааразычылык айтып чыкты. “Текебаевге карата соттун чечими чыгып, депутаттык мандатынан ажыратылды, аны эмне эле баатыр кылып жатасыңар, ал болгону кылмышкер. Абакта камера коюлабы же жокпу Текебаев камалган мекеменин жетекчиси өзү билет, каалаган кишисине коёт", - дейт ал. Башка депутаттар абакка түшкөн жарандарга карата кыйноонун, басым көрсөтүүнүн мындай түрлөрү мындан ары гүлдөп-өнүкпөшү үчүн аракет кылып жатышкандыктарын түшүндүрүүгө аракет кылышты.

Капыстан мыйзам чыгаруучу статусуна жетип, депутаттык мандат алып, Жогорку Кеңештеги 120 креслонун бирине ээ болуп отуруп калгандар парламентте көп. Алардан айырмаланып, коомчулук Өмүрбек Текебаевди “катардагы кылмышкер” деп санабасы анык. Эл Текебаевди эгемендүү Кыргыздын тарыхындагы мыкты мамлекеттик ишмер, саясатчы, тажрыйбалуу депутат, эң көп жылдык тарыхы, таасири бар партиянын түптөөчүсү катары билет. Учурда абакта отурганы анын өмүр-таржымалын, өлкөгө кошкон салымын өчүрүп жибербейт.

Ал эми Зарылбек Рысалиевди эл Жогорку Кеңештин депутатын жана ЖАМКнын жетекчисин өлтүрүүгө айыпталып абакта отурган кылмышкер Азиз Батукаевди бошотуп, Нарындан бери Бишкекке чейин коштоп келип, учакка салып узатып жиберген адам катары билет...

10-апрелде Исаковдун сунушу менен "Улуттук энергетикалык холдингдин" башчысы Айбек Калиев кызматтан алынды. Калиевди кызматтан алууну, анын жоопкерчилигин карап чыгууну депутаттар, жарандык активисттер, ЖМКлар 26-январдагы ЖЭБ авариясынан кийин эле айтып чыгышкан. Премьер “Калиев күнү-түнү иштеп жатат, азырынча жыйынтык чыгаруу эрте” деп келген. Эми аны кызматтан алуу чечимин саясий серепчилер “кечиккен” чечим деп баалашты.

2 айдын ичинде ЖЭБди жаңылоого Кытайдан келген акча кантип коротулганын, кадимки кычкачтардын баасы 600 доллар деп көрсөтүлгөнүн Исаковдун өкмөтү түзгөн мекемелер аралык комиссия эмес, Жогорку Кеӊештин депутаттык комиссиясы айтып чыкты.

Өндүрүштүк кырсык боюнча “шалаакылык” беренеси менен кылмыш иши ачылып, ал эми фактылар оркоюп көрүнүп турганына карабай “коррупция” боюнча эч кимге кылмыш иши козголо элек Жакында гана “Улуттук энергетикалык холдинг”, Бишкек ЖЭБ, “Электр станциялары” ишканаларынын жооптуу адамдарына өзүнчө кылмыш иши ачылып, “Электр станцияларынын” директору Узак Кыдырбаев менен ЖЭБди модернизациялоо тобун жетектеген Темирлан Бримкулов кармалып, тергөө абагына киргизилди. Сапар Исаков Калиев тууралуу: “Мен мекемелер аралык комиссиянын иликтөө жыйынтыгын күткөм. Калиев депутаттарга жана коомчулукка ЖЭБди жаӊылоо боюнча негизги маселелерди түшүндүрө алган жок”, - деди. Өкмөт башчынын сөзүнө караганда Калиев 386 миллион долларлык Кытай кредитин пайдалануудагы шектүү жагдайлар, башаламандыктар, эмне үчүн кычкачтар баасы 600 доллар деп көрсөтүлгөнү үчүн эмес, анчалык кымбатка бааланчудай эмне болгон кычкач экендигин түшүндүрүп бере албаганы үчүн кызматтан бошотулду...

Тогуз-Тородо жергиликтүү жашоочулар жаӊы курулган “Джи Эл Макмал девелопинг” алтын комбинаты үчүн салынган имаратты өрттөп жиберишти. Себеп –“комбинат элдин саламаттыгына зыян, анын курулушу токтотулсун” деген элдин талабынын аткарылбаганы.

“Джи Эл Макмал девелопинг” - "Макмал" алтын комбинатынын калдык сактоочу жайында калдыкты кайра иштетмекчи болгон компания. Компанияны кыргызстандык "Куранды девелопинг" компаниясы Ян Вэйхун аттуу кытайлык ишкер менен бирге түптөп, 2015-жылы мамлекеттик "Кыргызалтын" ишканасы менен келишим түзгөн. Комбинатты куруу иши 2017-жылы башталып, 2018-жылдын жай айларында бүтүрүү пландалууда.

Бирок мындай комбинатты курууга Тогуз-Торолуктар 3 айдан бери каршылык көрсөтүп келе жатышат. Комбинат жергиликтүү тургундар арасында айтылып жаткандай зыяндуу экенин, же тынчсызданууга негиз жоктугун мекемелер аралык комиссия аныктай турган болгон. ИИМдин билдиришинче, бүгүн аталган комиссиянын мүчөлөрү элге жолукканы барышкан. Бирок чогулгандар комиссия өкүлдөрүнө таш ыргытып, чуу салып, мындан улам 3 милиция кызматкери, 1 жергиликтүү тургун жаракат алып, ооруканага кайрылышты. Топтолгондор комбинат салган имаратты өрттөп жиберишти. Жолду да тосуп салышкандыктан өрт өчүрүүчү унаалар комбинатка жеткен эмес.

Бул окуя боюнча иликтөө башталды. Бүгүн КСДП фракциясы өкмөттүн 2017-жылкы иши боюнча Сапар Исаковдун отчётун укту. Жыйында депутат Кожобек Рыспаев Тогуз-Тородо буга чейин да жаӊжал чыгып, ИИМ уюштуруучуларды жазалабай койгонун, учурунда тийиштүү чаралар көрүлбөгөндүктөн бүгүнкү окуя келип чыкканын айтып чыкты. Депутат элди митингге чыгаргандардын артында Тогуз-Торонун акими турат дейт. Исаков отчёт берип бүтүп эле акимди иштен ала турганын билдирди.

5-мартта Тогуз-Торонун Атай айылдык кеӊешинин депутаты Уланбек Шерипов комбинаттын курулушу токтобосо, эл аны талкалай турганын эскерткен. Митингчилерди токтотууга укук коргоо органдарынын чамасы жеткен жок. Элде ачык-айкын маалымат жетиштүү болсо, балким кайсы бир күчтөрдүн колунда курал болуусу тыйылат. Азырынча бул абалда Кыргызга инвесторлордун келиши кыйын...

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы башчысы Болсунбек Казаков камакка алынды. Экс-чиновник “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу” беренелери боюнча айыпталууда. Тактап айтканда, убагында Максим Бакиевге таандык болгон “Идеал Хаус” компаниясынын VIP коттедждер шаарчасын реалдуу баасынан арзан саткан деп шектелүүдө.

“Идеал Хаустун” Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын жанында жайгашкан 48 коттеджи бар шаарчасы 2017-жылы сентябрда 142 миллион сомго сатылган. Баштапкы баа 240 миллион сом эле. Бул иш боюнча Элнура Алканованын “Идеал Хаус” VIP – шаарчасын сатуу боюнча чуулуу иштин артында ким турат?” деген журналисттик иликтөөсү чыккан. Анда бул шаарчаны сатып алган адам Исаковдун классташы экени, бул иште премьер Сапар Исаковдун кызыкчылыгы болушу мүмкүн деп айтылат. Исаков Алканованын иликтөөсүндө айтылган маалыматтарды иликтеп чыгуу боюнча Башкы прокуратурага кайрылган. Башкы прокуратура 2017-жылы декабрь айында Исаковдун бул ишке тиешеси жок экенин жарыялаган.

Ошондой эле прокуратура аталган комплексти менчиктештирүүнүн баштапкы баасын бекитүүгө байланыштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жооптуу адамдарынын аракеттери иликтенип жатканын билдирген. Болсунбек Казаков айыпталып жаткан беренелер боюнча кылмыш ишин Башкы прокуратура былтыр декабрда ачкан. “Идеал Хаустун” баштапкы баасы, анын 100 миллион сомго арзан сатылышы да коомчулукта суроолорду жараткан.

Казаков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчилигинен 2017-жылы ноябрь айында бошотулган. Кызматтан алуу менен чектелбей, экс-чиновниктерди мыйзамсыз иштер боюнча жоопкерчилик тартуусу жакшы көрүнүш. Учурдагы жана болочоктогу чиновниктерге жакшы сабак болот...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан