Башкы прокуратура Индира Жолдубаеванын чет жакка чыгып кетпегендиги тууралуу маалымат таратты

Индира Жолдубаева учурда Кыргыз мамлекетинин аймагында. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Буга чейин интернет тармагында "Индира Жолдубаева өлкөдөн чыгып кетиптир" деген маалыматтар айтылган.

Прокуратуранын жообуна ылайык, Жолдубаева эч жакка кеткен эмес, учурда ал өлкө ичинде. "Бул тууралуу Чек ара кызматы да тастыктама берген, ага ылайык, Жолдубаеванын өлкөнүн аймагынан сыртка чыккандыгы катталган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, 11-апрелде Жогорку Кеңеш башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу боюнча президенттин сунушун колдоду.

Катталган 110 депутаттын ичинен, 2 депутат каршы добуш берсе, 105 депутат кызматтан алууну колдогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nurgaz
2018-04-11 18:14:37
Качырып жибербегиле
+21
jamanjigit
2018-04-11 18:14:39
мне кылайын сулуу кен
-12
Adiletia
2018-04-11 19:40:52
jamanjigit, мага да жагат атаң гөрұ мощный кыз
-6
Ermekbai
2018-04-11 18:20:48
Бир бирден качырып жибербей жыйнап чогуу соттоп камагыла.
+18
Jelezo
2018-04-11 18:57:14
Эки күндөн кийин чыгып кетиптир дарыланганы деп калышат
+15
karakulja
2018-04-11 20:08:33
Эх Индира сулуу чырагым, журчу тоого качып индеецтерче жашайлы тынчыраак
+13
Milduri
2018-04-11 21:57:08
Мага да жагат аябай сулуу го
+5
suban78
2018-04-12 00:17:55
У коздорунон сенин коздорунон. Бир башкача сулуу да
+1
qwert
2018-04-12 12:41:58
Сени ХХХХХ ХХХХХХ
0
admin_media
2018-04-12 14:35:29
qwert, коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан