Кыргыз-Өзбек чек арасында жергиликтүү тургундарга карата ок атуучу куралдарды пайдаланууга тыюу салуу макулдашылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 11-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев өкмөт башчы Сапар Исаковго чек арада Кыргыз жаранынын өлүмүнө алып келген окуя боюнча маалымат берди.
Шаршеевдин айтымында, өзбек тарап чек ара кызматынын жетекчилеринин деңгээлинде 2018-жылдын башынан берки эки окуяны объективдүү иликтөө боюнча тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.
"Кыргыз өлкөсүнүн жана Өзбекстандын Чек ара кызматынын башчыларынын жолугушуусунун жүрүшүндө аскер кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган эки өлкө мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, тараптардын тынч тургундарына карата ок атуучу куралдарды пайдаланууга кескин тыюу салуу боюнча конкреттүү милдеттерди койду", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 7-апрель күнү саат 7:30 чамасында Өзбекстандын чек арачыларынын огунан Аксы районунун 34 жаштагы Фархад Мырзакалыков аттуу Кыргыз жараны каза болгон. Ал Өзбекстанда жашаган таежесинин үйүнө барган. Кыргыз мамлекетине кайтып келе жатканда өзбекстандык чек арачылар башына атып жиберишкен.
Бул окуядан улам Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидовду чакырып, ага нота тапшырган.