Бишкектин айрым көчөлөрүндө 9 күнгө жаратылыш газын берүү токтотулат

Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу 9 күнгө жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу "Кыргызстан Газпром" ЖЧКсынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жаратылыш газы 12-апрелден баштап токтотулат.

"Бишкек шаарындагы Кызыл Куруучу жана Керамическая конуштарында, Андижан, Логвиненко, Биринчи Май, Зеленая, Колхозная, Киргизская жана Манас кең көчөсүндө, ошондой эле Төмөнкү Ала-Арча айылындагы Коллективная, Аульный тар көчөсү, Аул, Новосельская жана МЧК көчөлөрүндө жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Аны менен катар Кара-Балта шаарындагы АГНКСте да жаратылыш газын берүү 20-апрелге чейин токтотулат", - дейт басма сөз кызматы.

Айта кетсек, жаратылыш газын берүү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан