Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чаралар толук кандуу уюштурулбай жатканын айтты.
"Быйыл маалым болгондой, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилегени турабыз. Ошол инсанды даңазалоо боюнча иштер толук кандуу жүргүзүлбөй жатат. Коңшу өлкөлөрдө жазуучубуздун атынан көчөлөргө наам берилип, сүрөт көргөзмөсү ачылууда. Биз дагы мектептерге, жогорку окуу жайларга, жаңы муунга сабак боло тургандай иш-чараларды өткөрсөк. Ар бир элчилик быйыл жазуучунун 90 жылдыгына карата иш-чара уюштурушу керек. Ооба, Айтматовду дүйнө эли тааныйт. Бирок дагы даңазалоо зарыл. Шекер айылында "Чыңгыз Ордо" деген комплекс салынганы турат. Анын каражаты бөлүндүбү? Ушуну өкмөт эске алсаңар", - дейт депутат.