"Бишкек шаарынын мэриясы жасаган иштеринин мыйзамдуулугу боюнча маалымат берүүсү керек", - деп бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында "Бир Бол" фракциясынан депутат Алмасбек Акматов билдирди.
Анын айтымында, акыркы убакта Бишкек шаарынын тургундарынан мэриянын жетекчилерине карата арыздануулар келип жатат.
"Тактап айтканда, жеңил курулуш имараттарынын курулушундагы жердин берилиши, санитардык, техникалык жана экологиялык коопсуздук ченемдери сакталбай жатат.
Мисалы Фрунзе-Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде адамдар баскан жолду, арыкты чоң жолдун жээгине чейин курулган унаа оңдоочу жайлар, дүкөндөр басып калган.
Жаңы көчөт тигебиз деген шылтоо менен бак-дарактар кыйылып жатат. Былтыр биз бак-дарактарды тигүү боюнча вице-мэрге тапшырма бергенбиз. Бирок ага карабай терс көрүнүштөр көбөйүүдө. Эл "шаар башчылары кыркылган бактарды пайдаланып, жыгач чыгарган цехтерди иштетип, сырттан кымбат көчөт алып келип пайда көрүп, бизнес кылып жатышат" деп айтып жатат. Бишкек мэриясы жасап жаткан иштери боюнча түшүндүрмө бериши керек", - деди депутат.