Жогорку Кеңештин төрагасы Тогуз-Тородогу окуянын келип чыгышына алып келген аткаминерлердин жоопкерчилигин карап чыгууну тапшырды

Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Дастанбек Жумабеков Тогуз-Тородогу "Джи Эл Макмал Девелопинг" компаниясында болгон окуяга байланыштуу өкмөткө кайрылды.

Төрага бул окуя буга чейин бир канча жергиликтүү калктын нааразычылыгын жаратканын айтып, компаниянын имаратынын өрттөлүшүнө алып келген жетекчилердин жоопкерчилигин карап чыгуу керектигин билдирди.

“Буга чейин эле 3-4 ай ошол жерде эл нааразычылыгын айткан. Митингдер болгонун маалымат каражаттарынан окуп турдук. Маселе чечилбегендиктен кечээги окуя болду”, - деди Жумабеков.

Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине да бул маселени изилдеп чыгууну тапшырды.

Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан жаракат алып, 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан