Депутат дарыгерлерди аймактарга жумушка тартуу үчүн кошумча айлык берүү жагын карап чыгууну сунуштады

Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Альфия Самигуллина дарыгерлерди аймактарга жумушка тартуу үчүн кошумча айлык берүү жагын карап чыгууну сунуштады.

Ал буга чейин КСДП фракциясынын апрель айында болгон жыйынында Таш-Көмүр жана Бишкек төрөт үйлөрүндөгү маселени көтөргөнүн эске салып, өкмөт башчы өз көзөмөлүнө алууну убада кылганын билдирди.

Эл өкүлү Саламаттыкты сактоо мининстрлигине кайрылып, аймактарда ооруканалардагы кадр маселесин каражат аркылуу чечүүдө Жалал-Абад облусундагы ооруканаларды пилоттук долбоор кылып алууну сунуш кылды.

“Алыскы аймактардагы ооруканаларда дарыгерлер жетишпейт. Орундар бар, медициналык кызматкерлер жок”, - деди Самигуллина.

Депутат мисал катары дарыгерлерди келишимдик шартта кызматка алууну сунуш кылды.

“Алар келишим боюнча көбүрөөк айлык алышы керек. “Жаш дарыгерлерге депозит” программасы да иштебей жатат. Эгер анализ кылып карасак, бул программа менен аймактарга жиберилген жаш кадрлардын 50 пайызы кайра кайтып келе берди. Алар иш орундарын таштап кетишти”, - деди Самигуллина.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aiza16
2018-04-12 13:50:07
силер ойлонуп чечкиче жаш дарыгерлер айлыгы коп чет олкого кетип атышат. мен да кр де иштеп айлык аз же болунгон акчаны бухгалтер мн жетекчилик болуп жеп ашканы гана тие турган жерде иштедим го. чет олкодо жаш дарыгер мекендештерим зынкыйып иштеп журушот. мен да ошолордун катарын толуктадым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан