Кыргыз интернет айдыңында жалган маалыматтардан жөнөкөй интернет колдонуучулардан тартып мамлекеттик түзүмдөр да жапа чегүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде эксперттердин жыйынында "Евроазиялыктар - жаңы дем" уюмунун директору Денис Бердаков айтты.
Анын айтуусуна караганда, акыркы 2-3 жылдын ичинде интернетте "жалган маалымат" таратуу популярдуу болуп жатат.
"Бүгүнкү күндө жөнөкөй интернет колдонуучудан тарта мамлекеттик түзүмдөр да фейктер менен кызуу күрөшүүдө. Алар тараткан жалган маалыматтар коомчулуктун пикирин жаратууда. Мисалга алсак, Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге кирүү алдында да маалыматтык согушка кабылган. Анда элдерди "эгер өлкө аталган биримдикке кошулса, өлкөнүн өндүрүшү төмөндөп, жумушсуздук күч алат" деген терс көз карашты пайда кылышкан. Бирок 2017-жылдын жыйынтыгына көңүл бурсак, өндүрүш төрт жарым пайызга өскөн", - дейт Бердаков.