Бүгүн, 12-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Ильхам Алиевди Азербайжандын президенти болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
"Президенттик шайлоодогу сиздин ишенимдүү жеңишиңиз Азербайжандын туруктуу жана ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган, жүзөгө ашырып жаткан багытка эл ишене турганын көрсөттү.
Биргелешкен аракеттер менен өз ара урматтоого жана ишенимге негизделген Кыргыз-Азербайжан мамилелери мындан ары да чыңдалып жана тереңдей берет деп ишенем.
Жагдайдан пайдаланып, урматтуу Ильхам Гейдарович, сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги азербайжан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм!" - деп айтылат Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.
Эске салсак, кечээ, 11-апрелде Азербайжанда президенттик шайлоо өттү. Анда Алиев жалпы добуштардын 86,1 пайызына ээ болгон.