"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Көлчүктү убактылуу шагыл менен толтуруп койдук" дейт Ош шаарынын жол башкармалыгынын жетекчиси

Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө жолду оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу тротуардагы көлчүктү шагыл менен убактылуу толтуруп койдук. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаарынын жолдор башкармалыгынын жетекчиси Арзыбек Жунусов билдирди.

"Учурда Масалиев көчөсүндө жолду оңдоо иштери жүрүп жатат. Тротуардын абалынын начардыгынан жаан-чачын болгон убакта ал жолго суу толуп, көлчүк болуп калат. Азыркы тапта шаар тургундарына ыңгайлуу болсун деп көлчүккө убактылуу шагыл төктүк. Жакынкы арада жолду оңдоо иштерин жыйынтыктап, тротуарга асфальт төшөйбүз", - дейт жетекчи.

Эске салсак, "Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү тротуар менен жаандан кийин баса албайсың, ал жер көлчүктөн арылбай койду" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
almanbetperm
2018-04-12 15:58:35
Ошол ошол бойдон калат
+5
karakulja
2018-04-12 15:59:24
Автор Азаматсын!
Ал кочодо эч кандай ондо туздоо болбой эле турат негизи
+2
Osh3015
2018-04-12 17:41:52
Уят эле борбордук көчөгө шагыл төгүп көйсө,айланайын болгону 10 метр экен брусчатка төшөп койгулачы.
+2
almanbetperm
2018-04-12 19:26:46
Osh3015,ошону айтсан, тим эле асфальт баскандай тартышыптыр,накладнойдо 20 30 мин жазышса керек 2миндик шагыл кеткен жерге
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан