"Муфтият ажылык сапарды уюштурууда ар бир ажыдан 200 доллардан пайда көрөт" , - деп 12-апрелде маалымат жыйынында укук коргоочу Келдибек Аскаралиев билдирди.
"Ажылыкка барган адамдарды алдап акчасын жеп жатышат. Муфтияттагы ушуга окшогон коррупциялык схеманын башында муфтий Максатбек Токтомушев жана башкы бухгалтер Жеңиш Бекиев турат.
Токтомушев муфтий болуп келгенден бери аябай байыды. Ош аймагынан 20дан ашык кымбат үйлөрдү алды. Арча-Бешиктен 30 сотых жери менен 300 миң долларга үй алып атасына каттатып койгон. Бишкектеги элиталык үйлөрдөн 200 миң долларга батир алган. Дагы бир элиталык көп кабаттуу үйдө бир батири бар", - деди Аскаралиев.
Муфтияттын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына жогоруда айтылган сөздөр каралоо экенин билдирди.
"Ажылык сапар боюнча баары электрондоштурулган, андан пайда көрүү учуру болгон эмес. Келдибек Аскаралиев жылда эле ушундай маалымат жыйынын өткөрөт. Биз дагы ошол жерге кошо барчубуз, быйыл барбай калдык. "Далилдүү документиңер барбы" десек жооп бере алышпайт. Бул жөн гана каралоо. Аскаралиевдин кандайдыр бир кызыкчылыгы болушу мүмкүн же артында башка адамдар турушат", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Эске салсак, 2018-жылдагы ажылык сапарга баруу үчүн ар бир адамга 2 890 доллар каражат керектелери жана Кыргыз мамлекетинин жарандарына ажылыкка баруу үчүн 5 400 орун бөлүнгөн.