Бүгүн, 12-апрелде саат 16:00дөн тарта "Акылдуу шаар" долбоору сыноо түрүндө иштеп баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 11-апрелде премьер-министр Сапар Исаков КСДП фракциясына отчёт берип жатып, 12-апрелде аталган долбоор сыноо түрүндө ишке киргизиле турганын айткан. "Ишти баштоо үчүн Бишкек шаарында онлайн түрдө көрсөтүп туруучу камералар орнотулган. Бирок иш азырынча сыноо түрүндө болот. Бир айдан кийин айыптын дүмүрчөктөрү жол эрежесин бузган айдоочулардын даректерине жеткирилип берилет", - деп билдирген Исаков.
Өкмөт башчы билдиргендей, камералар Бишкектин Фрунзе-Ибраимов, Байтик баатыр-Горький, Байтик баатыр-Ахунбаев жана Байтик баатыр-Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган.