Эртең, 12-апрелде "Акылдуу шаар" долбоору сыноо түрүндө иштеп баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.
Жыйында өкмөттүн 2017-жылы аткарган иши боюнча отчёту угулууда. Исаковдун айтымында, ишти баштоо үчүн Бишкек шаарында онлайн түрдө көрсөтүп туруучу камералар орнотулган. "Эртең ишти баштайбыз. Бирок иш азырынча сыноо түрүндө болот. Бир айдан кийин айыптын дүмүрчөктөрү жол эрежесин бузган айдоочулардын даректерине жеткирилип берилет", - деди Исаков.
Өкмөт башчы билдиргендей, камералар Бишкектин Фрунзе-Ибраимов, Байтик баатыр-Горький, Байтик баатыр-Ахунбаев жана Байтик баатыр-Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган.