Бүгүн, 12-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Жогорку Кеңеште өкмөттү отставкага кетирүү аракети башталды. Бул тууралуу билдирген депутат Каныбек Иманалиев өкмөттү отставкага кетирүүгө “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары макул экендигин да айтты. Эгер коалициядагы фракциялардан аракет болбосо, анда 13 мандаттуу “Өнүгүү-Прогресс” менен азырынча 10 мандаттуу “Ата Мекен” бул иште чечүүчү роль ойной албасы түшүнүктүү.
Эске салсак, кечээ КСДП фракциясы өкмөттүн отчётун карап, “канааттандырарлык” деп баа берип, министрлер кабинетинин ишин жактырган. Бийликчил фракциянын мындай чечими күтүүсүз болбосо да, анын өкмөттүн отчётун шашылыш кароосу күдүк ойлорду жаратат.
Биринчиден, фракциянын жыйындары парламентте аптанын жума күндөрү болот. Ал эми кечээ шаршемби күн Жогорку Кеңеште пленардык жыйын өтчү күн эле. КСДП фракциясы саат 3тө фракция жыйындары өтчү чакан залдарда эмес, чоң жыйын өтчү залды ээлеп, өкмөттүн отчётун карады. Иш-чара тууралуу маалымат да күн мурунтан эмес, саналуу сааттар калганда айтылды. Фракциянын катчылыгы өкмөттүн отчётун эрте кароо лидери Иса Өмүркуловдун чечими экенин айтса, фракция лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров өкмөттүн суранычынан улам отчётту шашылыш карашканын билдирди.
Экинчиден, Сапар Исаков өкмөттүн 2017-жылдагы иш жыйынтыгын айтып бүтүп, суроо, талкуулар эми эле башталганда депутат Дастан Бекешев суроолорду азайтып, отчётту жактыралы деп чыкты. Дагы бир эл өкүлү Мурадыл Мадеминов “бул биздин өкмөт да” деп баштап, отчётту колдоп берүү керектигин билдирди. Жыйынтыгында өкмөттүн ишин жактырышты.
Бул аралыкта бүгүн өкмөт “Акылдуу шаар” долбоорун тесттик режимде ишке киргизди. Ачылыш салтанатында бул долбоордун алкагында шаарда 4 камера орнотулганы жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлерине 5 планшет берилгени белгилүү болду. Эске салсак, бир ай мурда 14-март күнү өкмөт “Акылдуу шаар” долбоору боюнча “Huawei” компаниясы менен түзгөн келишимден чыккан. “Бул долбоорду ишке ашырууга өзүбүздүн күчүбүз” жетет деген өкмөт 1 айдан кийин эле тесттик режимде ишке киргизип салды. Азырынча 4 камера, 5 планшет менен.
КСДП башка фракциялардан озунуп өкмөттүн отчётун карап, жакшы баа берүү менен оппозициялык жана коалициядагы башка фракцияларга багыт бергенге аракет кылгандай. Алдыңкы көч кайда кетсе, арттагылар да ошол багытта кетет деген аракет болгондой.
Акыркы учурда “коалиция тарайт, аны менен кошо өкмөт да отставкага кетет” деген кептер Ак Үйдө кызуу айтылып, Индира Жолдубаеваны башкы прокурорлук кызматтан алуу окуясынын тегерегинде басаңдай түшкөн. Өткөн аптада “Ата Мекен” жана “Республика-Ата Журт” башка фракциялардан биринчи болуп Индира Жолдубаеванын жылдык отчётун карап, аны “канааттандырарлык эмес” деп тапкан. Ага улай эле президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке Индира Жолдубаеваны башкы прокурорлук кызматтан алуу сунушун жөнөтүп, ал сунуш 105 депутаттын макулдугу менен колдоого алынды. Калган 4 фракция башкы прокурордун жылдык отчётун кароого үлгүрбөй да калды. КСДП өкмөткө карата негативдүү пикирлер күчөй электе, “канааттандырарлык эмес” деген баа башка фракциялар тарабынан бериле электе, дегеле дагы бир окуя чагылгандай тездикте өнүгүп кете электе өкмөттүн иш жыйынтыгын “жакшы” деген баага буруп жиберүүгө жан үрөдү көрүнөт...
Өлкөдө акыркы 4 күндүн ичинде доллардын сомго карата наркы 43 тыйынга жогорулап, ал Улуттук банкты валюта рыногунда интервенция жасоого түрттү. Анын алкагында 8 миллион 150 миң доллар сатылды. 12-апрелге карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 доллардын наркы 68,67 сомду түзүүдө. Ал эми акча алмаштыруучу жайларда доллар 70-80 тыйынга көтөрүлгөн. Тактап айтканда, коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар 1 долларды 69,35-69,4 сомдон сатууда.
Мындан 3 күн мурда Орусияда рублга карата евро менен доллардын наркы кымбаттаган. Ага АКШнын орусиялык компанияларга карата жаңы санкцияларды киргизгени жана анын айынан ал компаниялардын акциясы арзандап баштаганы себеп болгон.
Кыргыз өлкөсүнүн Экономика министрлигинин макроэкономика саясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев рублдун куну төмөндөсө, Кыргыз сомуна да таасирин тийгизерин айтат. “Биздин экономикабыз Орусия менен тыгыз байланышта. Ошондой эле учурда Орусияда салык төлөө мөөнөтү келди. Алар салыкты, төлөмдөрдү рубль менен жүзөгө ашырат", - деди ал.
Орусияда расмий эмес маалымат боюнча Кыргыз мамлекетинин 1 миллионго чукул жараны иштейт. Дал ушул мигранттардын эсебинен Кыргыз мамлекетинде дээрлик ар бир үй-бүлө жан багат. Акыркы жылды эле алсак, 2017-жылы эмгек мигранттары Кыргыз өлкөсүнө 2 миллиард 482 миллион 200 миң доллар которушкан. Ал акчанын 90 пайыздан көбү Орусиядан жөнөтүлгөн. Андыктан, аталган өлкөнүн валюталык рыногундагы азыркы абал анда эмгектенген 1 миллионго чукул Кыргыз жарандарынын, ошондой эле Кыргыз мамлекетиндеги калктын да турмушуна таасирин тийгизет. Импорттон көз каранды болгон Кыргыз жергесине доллардын кымбатташы жашоого керектүү болгон негизги товарлардын кымбаттоосун кошо ала келет...
Тогуз-Тородо кытай инвесторлорунун комбинатынын өрттөлгөн имаратынын митингдеги башаламандыктан улам келтирилген чыгымы чыга баштады. Аталган райондун акими Тилек Идирисов кечээ күнү кечинде кызматтан алынды. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина “мындай окуяны алдын албагандыгы үчүн Жалал-Абад ОИИБинин башчысын да кызматтан алуу керек” деди. Азырынча бул боюнча бийлик тараптан реакция боло элек. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков окуяга байланыштуу өкмөткө кайрылып, компаниянын имаратынын өрттөлүшүнө алып келген жетекчилердин жоопкерчилигин карап чыгуу керектигин билдирди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, митинг учурунда 7 адам жаракат алып, 2 адам ооруканага жаткырылган. Бул 2 адам - милиция кызматкерлери. Эске салсак, кечээ күнү милиция кызматкерлерине карата таштар ыргытылганы айтылган. Андан тышкары, митинг учурунда 5 техника жана 6 имаратка өрт коюлган. Техниканын ичинде 2 КамАЗ, 2 экскаватор, 1 кран бар. Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча бейбаштык, мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу, массалык тартипсиздик беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгонун билдирди.
2018 - аймактарды өнүктүрүү жылы деп белгиленген жылы мындай окуя орун алып жатканын социалдык тармакта сындагандар арбын. Буга көбүрөөк инвесторлор менен жергиликтүү калктын ортосунда жетиштүү иш алып барбаган, жетиштүү маалымат бербеген бийликти күнөөлөгөндөр четтен табылат.
Азыр бийлик көбүрөөк жергиликтүү калкты айыптап, мындай абалда инвесторлор келбейт, өнүкпөйбүз деген позицияны карманууда. Бирок Тогуз-Тородогу окуя бир күндө пайда болуп, өрчүп кеткен жок. Райондун эли бул маселени бир нече айдан бери көтөрүп, улам митингдерди уюштуруп жатты. Ушул эле өкмөткө “тополоңду уюштургандарга чара көргүлө” деп тапшырып жаткан Жогорку Кеңештин депутаттары да жергиликтүү элдин арманын, тынчсыздануусун укканы, териштиргени басып барган жок. Өкмөт башчысы же вице-премьерлерден да андай аракет байкалбады. Эл балким ушундай жол менен өзүнө көңүл бурдурууга, үнүн борборго жеткирүүгө аргасыз болду?..