Президент Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде Бельгиянын борбору Брюссель шаарына Европа союзунун институттарына жумушчу визит менен барып, бүгүн, 12-апрелде жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Алгач Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча өкүлү Федерика Могерини менен жолугушту. Жолугушууда Европа союзу менен Кыргыз мамлекетинин кызматташуу келечеги талкууланды.
Президент Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча диалогду улантып жатканына кубанычта экендигин белгиледи.
“Биз Европа союзу менен кызматташууга артыкчылыктуу маани беребиз, Кыргыз мамлекетин туруктуу өнүктүрүү максатында маанилүү өнөктөш деп эсептейбиз. Кеңейтилген өнөктөштүк жөнүндө жаңы макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышын кубаттайбыз. Европа союзу тарабынан көрсөтүлүп жаткан демократия принциптерин чыңдоого жана өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган жардамды жогору баалайбыз”, - деди президент Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы Кыргыз өлкөсү кеңейтилген өнөктөштүк жөнүндө жаңы макулдашууну иштеп чыгуу маселесине олуттуу маани бере турганын жана тездетилген режимде консультация өткөрүүгө даяр экендигин белгиледи.
Ошондой эле президент регионалдык кызматташуу маселелерине дагы токтолуп, Борбор Азия өлкөлөрү менен өз ара мамилелердин динамикасы өсүп жаткандыгын канааттануу менен белгиледи.
Андан кийин президент ханзада Карим Ага-Хан менен жолугушуп, Ага-Хан фонду тарабынан Кыргыз жеринде бир катар долбоорлордун жана программалардын натыйжалуу жүзөгө ашырылып жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.
“Биз тоолуу аймактарды колдоо жана жарандык коомду өнүктүрүү боюнча программалардын жүзөгө ашырылып жатышын колдойбуз. Бул абдан олуттуу колдоо", - деди Жээнбеков.
Карим Ага-Хан фонддун долбоорлорун жүзөгө ашырууну кубаттап, колдогону үчүн Кыргыз тарапка ыраазы экенин белгиледи. Карим Ага-Хан кызматташууну мындан дагы күчөтүүгө даяр экенин, бардык башталган долбоорлор улантыла турганын билдирди. Андан тышкары, Ага-Хан Кыргыз мамлекетинин тоолуу аймактарына балдар бакчасын ачуу долбоору тууралуу кыскача айтып берди.
Мындан сырткары мамлекет башчы сапар алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Орусия жана Борбор Азия боюнча башкаруучу директору Наталья Ханженкова менен кезигишти.
Ханженкова Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 2019-жылы Кыргыз мамлекетинин аймактарын жана шаарларын таза суу менен камсыз кылуу, ошондой эле ирригация боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 86 миллион доллар бөлө турганын айтты. Бөлүнгөн акчанын 36 миллион доллары грант түрүндө берилет.
Жолугушууда Жээнбеков: "Бул долбоорлор аймактарды өнүктүрүү боюнча жарлыктын алкагында так жазылган биздин аймактарды өнүктүрүү саясатыбыз менен үндөш. Тактап айтканда, биз кайра иштетүүчү ишканаларды жана логистикалык борборлорду куруу аркылуу аймактардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу максатын алдыбызга койдук", - деп белгиледи.