Бишкек шаарындагы "Ош базарынан" чыккан өрттөн 5 адам жабыркап, дарыгерлерге кайрылышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Ош базарындагы" өрттөн жабыркаган өрт өчүрүү кызматынын 5 кызматкери дарыгерлерге кайрылган. Алардын төртөө иске ууланса, бирөө өрттөн денесине жеңил жаракат алган. Тилсиз жоодон жабыркагандардын абалы жакшы экендигине байланыштуу ошол жерден алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, эч кимиси ооруканага жаткырылган эмес.
Айта кетсек, буга чейин окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө "Ош базары" өрттөнүп жатканын кабарлаган. Кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өрт чектөөгө алынганын билдиришкен.