Бүгүн, 13-апрелде "Ош базардагы" өрттөн ондогон соодагерлер миллиондорунан кол жууп калышты. Тилсиз жоодон зыян тарткандарга экспертизанын жыйынтыгынын негизинде компенсация төлөнөт. Бул тууралуу "Ош базарынын" жетекчиси Марат Момункулов билдирди.
"Учурда өрттүн келип чыгуу себеби тиешелүү лабораторияда аныкталып жатат. Биздин божомол боюнча өрт кырсыгы базардын үч жеринде башталган. Экспертизанын жыйынтыгына карап жабыр тарткандарга компенсация төлөнүп берилет. Ошондой эле бийлик өкүлдөрү да жардам берет деп ойлойм. Анткени соодагерлер салык төлөп, мамлекеттин казынасына салым кошуп келишкен", - дейт базар жетекчиси.