"Ош базарында" адегенде күйөөмдү, эми 7 миллион сомдон ашуун товарымды жоготтум" дейт соодагер

13-апрелге караган түнү "Ош базарында" катталган өрт кырсыгынан базардагы сатуучулар миллиондогон чыгым тартышты. Алардын айрымдары базар тилкесин ижарага алып, иштетип келишкен. Эң көп чыгым тарткан Алтынай Асаналиева 7 миллион сомдон ашуун зыян тарткан.

"Контейнерди ижарага алып, айына 60 миң сом төлөп иштетчүмүн. Базарда тумак, шуба сатчумун. Менин товарларым базардагы эң кымбат товарлар болчу. Бери жагы дегенде эле 7 миллион сомдон ашуун товарым күйүп, күл болуп кетти. Соода жүргүзүү үчүн үйүмдү күрөөгө коюп, банктан насыя алгам. Эми ал акчаны кайдан таап берем? Насыямды кантип төлөйм? 3 балам менен көчөдө калдым", - дейт ал.

Ошондой эле жабырлануучу жолдошу да мурда ушул жакта соода кылганын, 40 күн мурун бирөө менен уруша кетип, баш мээсине кан куюлуп каза болгонун айтып, төмөндөгүлөрдү билдирди: "Мен жалгыз бой энемин, жаңы эле күйөөмдөн айрылып, кайгыга батып турганда минтип кырсык болуп жатат. Эртең эле насыя алган банктар келип үйүмдөн чыгуумду талап кылышат, анда кайда барам билбейм. Жолдошум жанымда болсо мынча кыйналбайт белем".

"Ош базарында" кайрадан өрт. "7 миллион сомдук товарым өрттөнүп кетти" дейт соодагер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Shokoladka94
2018-04-13 12:55:06
Сабырдуу болунуз эже, аман болсонуз бул кундор да отуп кетээр
+12
nazarKGZ
2018-04-13 13:16:03
Биролор атайлап ортоп ататко
+9
TazaKyrgyz
2018-04-13 14:04:55
Иии байкуштар.Эптеп тырмаландап иштеп атышканда иии жаман болду.Эч кимдин башына салбасын мындай ишти.
+11
Gema
2018-04-13 15:32:03
Кудайдан коркпогог куйдургулор!!!!!
+4
Bekzamann
2018-04-13 17:02:30
Ким орттосода Аллах Таалам жазасын берсин! Сиздергеда жаратканым ишиниздерге озу жардам берсин!
+2
al-abu-kinesz
2018-04-13 20:28:04
Эжеге боорум ооруп кетти.. Окмот жардам кылып жок дегенде банктын срогун узартып процентин жок кылып берсе экен..
+3
tttalant
2018-04-14 09:52:26
Кыйынчылык артында ширинчилик бар буйруса эже сабыр кылыныз деньсолугунузду караныз баары жакшы болот буйруса ....
+1
maks1980bishkek
2018-04-14 11:32:59
Эхх Кыргызстан ,Кыргызстан
0
Arlenchik
2018-04-14 11:52:46
Жакшылап иликтеп куноолулорду жоопко тартып, жабыркагандардын чыгымын толоткуло, бул атайын жазалган иш, кимдир бироонун кызыкчылыгы учун, бул нерсенин туйуну ак уйдогулорго барып такалат, себеп дегенде ошол жактагы жеп жутарлардын шаардын сырт чагында жери бар болушу мумкун, ошол жака базар салып, ош базарды ошол жака кочуруп анан айына миллиондоп аренда алып, оздорунун камын ойлоо мн алек, а тигил жакта жонокой сатуучулар кредит алып соода кылып жабыр тартып аткандары ойлондуруп да койбойт.
+1
portugalia
2018-04-15 12:56:40
Кудай бардыр орт койгондорго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан