13-апрелде "Ош базарындагы" "Берекет" соода борборунда өрт кырсыгы катталган. Өрттү өчүрүү үчүн 14 техника жана 96 өрт өчүрүүчү кызматкерлер тартылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, базардын 2 миң 500 чарчы метр жери күйүп кеткен.
Өрт катталганын уккан айрым соодагерлер эртерээк келип, контейнердеги товарларын чыгарууга аракет кылышкан. Айрым сатуучулардын товарлары дээрлик күйүп кетип, күлгө айланган.
Товарлардын арасында кийим-кече менен желим буюмдар толук өрттөнүп, жалындын күч алышына себеп болгон. Ал эми казан-аяктар дагы өрткө туруштук бере албай эрий баштаган.