Бишкектеги "Ош базарын" шаардан сыртка чыгаруу чечими каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде шаар мэри Албек Ибраимов билдирди.
Анын айтымында, аталган базарда абдан көп кырсык болуп жатканына байланыштуу, аны шаардан сыртка чыгаруу чечими каралууда.
"Бүгүн дагы "Ош базарында" өрт чыкты. Кырсыкка байланыштуу атайын комиссия түзүлгөн. Учурда ар түрдүү божомолдор жүрүүдө, алардын ичинде кимдир-бирөөлөр тарабынан атайын өрттөлгөн деген пикирлер айтылууда. Бүгүнкү күндө чоң базарларды шаардын четине чыгаруу боюнча маселелердин актуалдуулугу чоң. Биз бул боюнча долбоор иштеп чыкканбыз, азыркы тапта өкмөт менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди ал.
Эскерте кетсек, бүгүн түнкү саат 3:00дөр чамасында "Ош базарынын" аймагында жайгашкан "Берекет" базарында өрт чыккан.