Баткенде Кызыл китепке кирген айгүл гүлдөп, аны көргөнү келгендердин саны көбөйдү

Баткен облусунда айгүл гүлү гүлдөп, аны көргөнү келгендердин саны көбөйдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундар маалымдашты.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, айгүл гүлү жаз мезгилинин апрель айынын башында гүл ача баштайт. Быйыл бул кереметтүү гүл 10-апрелге жакын гүлдөгөн. Айгүлдүн гүлдөшү аба ырайынан көз каранды.

Айгүл тоого атайын алыстан гүлдүн ажайып кооздугун көрүү үчүн үй-бүлөсү менен барган Эшанкул Орозбаевдин айтымында, учурда айгүл гүлү дээрлик тегиз гүл ачып турган чак.

"Биз 14-апрель күнү атайын Айгүл тоого бардык. Ошол күнү 300-400дөй киши келиптир. "Айгүл-Таш" мамлекеттик ботаникалык коругунун кызматкерлери гүл тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып беришти. Андан соң Баткендин кереметтүү гүлү жөнүндө театрлаштырылган көргөзмөнү тартуулашты. Чынында кооз гүл, үзгөнгө болбойт, бир гүлдү үзсөң 300 сом айып салынат. Өзбекстандан да атайын гүлдү көрүү үчүн келгендерди учураттык", - деди Орозбаев.

Айта кетсек, "Айгүл-Таш" мамлекеттик ботаникалык коругунун аянты 254 гектарды түзөт. Айгүл гүлү Кызыл китепке киргизилген.

Баткенде ажайып кооз Айгүл гүлү гүлдөдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Okunboim.
2018-04-16 15:16:50
Аа, кадырына жетпейбиз... Биз дагы коргону бардык. Бирок, тоонун башында гулдорду кооп эле узуп, текшерген жерге жеткенде корккоконунан таштап салышат экен. Анан, кийимдеринин ичине бекитип алып отушот , козум менен коргом. Гулду козомолго албаса дагы 5,6 жылда жок болуп кетиши мумкун! Козомол деле начар ал жакта 80% . Табияттын сулуулугун сактайлы, узуп, бузуп жок кылбаганга чакырат элем баарын!!!
+18
bakulya2015
2018-04-16 15:37:48
Чындыгында керемет. Бизда бардык эле соонун эс алып келдик. Кыргыз жерибиз онугуп осо берсин!
+5
Mydearzh
2018-04-16 16:07:42
Бизде дуйнодо жок гул бар, конул буруу жок. Шарт да анча эмес. Адамдар да тартипсиз. Былтыр барганыбызда гулду этектен табууга болот эле, быйыл болсо тоонун бийик жерлеринен гана кордук...
+8
Lekarstvosvoegomuja
2018-04-16 21:17:57
Жытын жыттап алсам бир арманда болбойт элем
0
Janna07
2018-04-17 00:21:58
Lekarstvosvoegomuja,жыты жок.
0
bakulya2015
2018-04-17 00:40:17
Бул гүл Баткендин Айгүл таш тоосунда өсөт. Тоо Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта орун алган. Гүл таштуу жерлерде өсө тургандыктан, тамыры да терең жайгашкан. Кызыгы тоонун күңгөй тарабында эмес, тескей тарабында өсөт. 1978-жылы СССРдин кызыл китебине, 2004-жылы Кыргызстандын кызыл китебине киргизилген. Боюнун бийиктиги 1,5 метрге чейин жетет.
2004-жылы Баткен облусунун администрациясы тарабынан 300 гектар жер «Айгүл коругуна» бөлүнүп берилген. Ал жерде азыр гүл корулуп, көбөйтүлүүдө.
0
bakulya2015
2018-04-17 00:41:58
Апрель айында гүлдөп, гүлү 10-15 күндөй сакталып турат.
Айгүл гүлүнүн илимий аталышы – Эдуарддын чаар гүлү. Эртең менен гүлдүн ичинен чоң шүүдүрүм тамчыларын байкоого болот. Жер­гиликтүү эл муну сү­йү­шүп, бирок тилектерине жетпей калган эки жаштын көз жашы дешет.
Баткенден тышкары Иран, Ирак, Гималайда (Кашмир, Жамму), Түркиянын түштүк-чыгы­шын­да, Ооганстанда өсөт.
0
bakulya2015
2018-04-17 00:45:13
Биз барганда ээрчишип Айгүл тоого,
Ай тийиптир эми эле аркы зоого.
Ай алдында шамалга ыргалышат,
Айга тосуп жүздөрүн өйдө боло.

Айгүл гүлү өзүңдөй ачылыптыр,
Ар бир сабы мончоктой гүлгө толо.
Ааламдагы гүлдөрдүн ханышасы,
Арнагым бар өзүңө ырга кошо.

+2
bakulya2015
2018-04-17 00:47:15
Айгүл дагы бизге окшоп сагынгандыр,
Мээрим чачкан асманда жылдыз толо.
Жоодураган көздөрүң гүлдөй жайнайт,
Менин колум белиңе оролгондо.

Биз өткөргөн кадыр түн Айгүл тоодо,
Биринчи эмес миң ирет дагы болсо.
Берер элем өмүрдү өзүң үчүн,
Айгүлүмдөй тунугум керек болсо.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан