Бүгүн, 13-апрелде "Ош базарындагы" өрт кырсыгынан зыянга учураган соодагерлер Ак Үйдүн алдына митингге чыгышты.
Алар бийликтен зыяндын ордун толтуруп берүүнү, күйүп кеткен контейнерлерди калыбына келтирип берүүнү жана бир жылдык ижарадан бошотууну талап кылышууда. Алардын үнүн угуу үчүн Жогорку Кеңештен депутат Жанар Акаев чыкты. Акаев алардын талаптарын өкмөткө жана Бишкек мэриясына сунуштоого убада берди. "Сиздердин абалыңыздарды түшүнүп жатам. Менин милдетим - сиздердин айткан талаптарыңыздарды өкмөткө жана мэрияга сунуштоо", - деди депутат.
Эскерте кетсек, бүгүн түнкү саат 3:00дөр чамасында "Ош базарынын" аймагында жайгашкан "Берекет" базарында өрт чыккан.