ӨКМ: "Ош базарындагы" өрттү өчүрүү иштери улантылууда"

"Ош базарындагы" өрттүн башталганына 11 сааттан ашык убакыт өтсө да дале өчүрүлүп бүтө элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт 13-апрелге караган түнү саат 03:00дө чыккан. Андан бери 11 саат өтсө да өрт толук өчүрүлүп бүтө элек. Тилсиз жоо эртең менен саат 07:40та чектөөгө алынган.

"Учурда өчүрүү иштери уланып жатат. Өрттүн негизги бөлүгү эртең менен эле өчүрүлгөн. Толук өчүрүлө элек дегенде эми өрттүн очокторун, калтырбай толук өчүрүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, буга чейин окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө "Ош базары" өрттөнүп жатканын кабарлаган. Кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өрт чектөөгө алынганын билдиришкен. Ал эми Бишкек ШИИББинен болсо, аталган өрт боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлашкан.

"Ош базарында" кайрадан өрт. "7 миллион сомдук товарым өрттөнүп кетти" дейт соодагер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kechirmeni
2018-04-13 14:11:34
Бизде орт коопсуздугун сактабайбыз, орт очуруучу жолдун баары тосулуп калган ондонот
+2
Aidani
2018-04-13 15:10:59
Атайын эле орттоп атышабы дейм да бироолор, видео козомол койуш керек го, кузотчулорду кобойтуу керек,
0
Suluu4a
2018-04-13 15:58:52
Кыскасы акырындык менен Ош базардын тубуно бироо жетип атат
+2
Suzak12
2018-04-13 19:59:34
Бироо атайын эле кылып жатат охраналар эмне кылып журду алып барып камагыла камера толтура болгон болсо карагыла ким кылды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан