Судья Гүлчехра Оморованы жумуштан алуу боюнча Тартип комиссиясынын сунушун Жогорку Сот туура деп тапты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 13-апрелде Жогорку Соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева билдирди. Анын айтымында, Оморова алгач Тартип комиссиясынын сунушуна нааразы болуп Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна кайрылып, сот комиссиянын чечими туура деген чечим чыгарган.
"Тартип комиссиясы Оморовага карата келген арыздарды карап чыгып, аны жумуштан бошотуу боюнча президентке сунуштама беришкен. Бирок Оморова Тартип комиссиясынын сунушуна каршы экенин билдирип райондор аралык сотко кайрылган. Сот Тартип комиссиясынын сунушу туура деген чечим чыгарган. Жогорку Сот 14-мартта чыккан райондор аралык соттун чечимин күчүндө калтырды", - дейт Соурбаева.
Белгилей кетсек, Гүлчехра Оморова президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык, 3-апрелде кызматынан бошотулган.
Гүлчехра Оморованын апасы Максуда Оморова анын кызматынан бошотулушу боюнча өз пикирин социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыккан. Ал жазган билдирүүсүндө кызы буйруктарды аткарбай койгондугу үчүн "жумуштан өз каалооң менен арыз жазып кет" деген бир канча ирет басым болгонун белгилеген. Ошондой эле өзү да 20 жыл сот тармагында иштеп, чыгарган чечимине карата бийликтегилер көзөмөл салганы менен, бирок чечим мыйзамдын негизинде гана болгондуктан азыркыдай абал жаралбаганын кошумчалаган.