Жогорку Сот тынч митингдерди өткөрүү үчүн тыюу салган чечимди жокко чыгарды

Бишкектеги Ленин райондук сотунун 1-апрелден 15-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган чечими жокко чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жогорку Соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева кабарлады. Анын сот чечимине таянып белгилешинче, райондук сот тынч митинг өткөрүүгө тыюу салуусуна негиз болгон эмес.

"Жарандык активисттер райондук соттун митинг өткөрүүгө тыюу салган чечими боюнча Жогорку Сотко арыз менен кайрылышкан. 12-апрелде Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук жамааты арызды карап чыгып, райондук соттун чечимин жокко чыгарды. Анткени тынч митинг өткөрүүгө тыюу салууга негиз болгон эмес", - деди Соурбаева.

Белгилей кетсек, жарандык активисттер 3-апрелде шаардагы бак-дарактарды кыюуга каршы тынч митингге чыгуу үчүн мэрияга арыз беришип, бирок райондук сот милиция тарабынан түшкөн арыздын негизинде митинг өткөрүүгө тыюу салган.

Ага карабай жарандык активисттер 3-апрель күнү мэриянын алдында митинг өткөрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asad9
2018-04-13 18:11:56
Эх митинг митинг Болбогон нерсе үчүн бир депутат үчүн митингге чыгасыңар. Өзүңөр үчүн чыкпайсыңарбы эшектин этин жеп жүргөндо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан