Тажикстандын Жерге-Тал районундагы кыргыз мектептерге окуу китептери тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, министр Султан Жумагулов кыргыз мектептерге Манас, Семетей, Сейтек, Жеңижок жана башка маанилүү, көлөмдүү китептердин түрлөрүн тапшырды.
"Китептерди ушул эле айылдын тургуну, активист, “Кут билим” гезитинин кызматкери Жолдош Турдубаев кабыл алды. Эске сала кетсек, аталган райондо элүү орто мектеп бар. Кырк мектепте балдарга кыргыз тилинде билим беришет", - деп жазылат маалыматта.