"Ош базарында" 3-жолу чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"13-апрелде Ош базарында саат 03:00 чамасында чыккан өрт, 19:45те толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен болжол менен жалпы аянты 5 миң 400 чарчы метрди түзгөн соода түйүндөрү күйүп кеткени аныкталды. Учурда келтирилген чыгымдар жана өрттүн себеби такталууда", - деди басма сөз катчы.
Айта кетсек, буга чейин өрттөн базардын 2 миң 500 чарчы метри күйүп кеткени айтылган. Аны өчүрүү үчүн 14 атайын унаа, 96 өрт өчүрүүчү, 1 куткаруучулар бригадасы тартылган. Ошондой эле 2 суу ташуучу унаа жана "Түндүк электр" ААК Батыш РЭСтен 2 бригада, 1 "Тез жардам" унаасы жана тартип сакчылары иш алып барган.
Эске салсак, бүгүн, 13-апрелде "Ош базарынан" 3-ирет өрт чыккан.