Токмок шаардык кеңешинин депутатынан эки киши мандатын тапшырууну талап кылышкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Токмок шаардык кеңешине 1963-жылы туулган С.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда 23-март күнү болжол менен саат 10:00 чамасында Чүй облусунда жайгашкан клиникасына У.С. жана К.К. аттуу эки жаран келип, депутаттык мандатын алуусун талап кылышкан.
Бул окуя боюнча Токмок ШИИБи алгачкы иш-аракеттерди жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында арыз менен кайрылган жаран эч кимге эч кандай нааразычылыгы жок экенин билдирген. Мындан улам Токмок ШИИБи 13-апрель күнү чогулган маалыматтардын негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечимин чыгарды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Айрым маалыматтар боюнча, мандатты тапшырууну талап кылган жарандар Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Урматбек Самаев жана Токмок шаардык кеңешинин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Кубанычбек Кочкорбаев экени айтылууда. Ал эми арызды аталган шаардык кеңешинин депутаты Сулейман Лажаров ("Кыргызстан") жазган.
Урматбек Самаев SUPER.KG порталына окуя тууралуу буларды билдирди. "Сулейман Лажаров менен мамилебиз жакшы. Андай арыз да түшкөн эмес. Мындай нерселер болбошу керек эле", - деди Самаев.
Ал эми Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков SUPER.KG'ге арыз жазган жаран жаңылыштык менен жазып алганын билдирди.
"Эч кандай мындай окуя болгон эмес. Арыз жазган жаран жаңылыштык менен жазып алдым деп кайра арызын кайтарып алганын билем. Менин билишимче, мындай маселе жаралган эмес", - деди Баатырбеков.