Өлкөнүн түштүк аймагында жаан-чачындан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 16-20-апрелде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. "Бул күндөрү күтүлө турган жаан-чачындуу аба ырайынан жана күндүн жылуусуна байланыштуу өлкөнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Ошол себептен ӨКМ каналдарды жана арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүү керектигин эскертет", - деп айтылат маалыматта.