Бишкек шаардык мэриясы мектеп окуучулары менен биргеликте борбордогу "Ата-Түрк" атындагы эс алуу паркына 140 чымчыктын уясын орнотту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мындай иш-чара Бишкек шаарынын 140 жылдыгына карата жасалган. Ага борбордогу 20 мектептин окуучулары катышып, өз колдору менен 140 чымчыктын уясын жасап, эс алуучу жайдагы бактарга илишкен.
Белгилей кетсек, иш-чарага вице-мэр Эркинбек Исаков, Октябрь райондук администрациянын акими Ренат Айтымбетов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана шаар тургундары катышкан.