Мындан 22 жыл мурун, тагыраагы 1996-жылы 16-апрелде "Эрдик" медалы негизделген.
"Эрдик" медалы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик наамдарды түзүү тууралуу" мыйзамынын негизинде негизделген. Бул медаль менен адамдарды куткаруу үчүн өз өмүрүн тобокелге салган кадамга, эрдикке барган жарандар сыйланат. Коомдук тартипти көзөмөлдөөдө, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, өрт, сел сыяктуу табият кырсыктары жана башка өзгөчө кырдаалдарда, мындан тышкары аскердик, атуулдук кызматы учурунда өмүрүн тобокелге салып каармандык кадамга барган жана каза тапкан адамдарга "Эрдик" медалы тапшырылат.
Медаль күмүштөн жасалып, эки бөлүктөн турат: тегерек жана ага уланган тик бурчтук формасындагы лента. Тегерек медалдын бетине ак илбирстин сүрөтү чегилген. Бул эрдиктин, тайманбастыктын жана акылдуулуктун белгиси катары түшүндүрүлөт. Ал эми четинде туунун элементи болгон күндүн нурлары жана "Эрдик" деген жазуу орун алган.
Ал эми лента ак жана көк түстө. Бул ак карлуу Ала-Тоо, шар аккан суу жана бейкутчулуктун белгиси катары саналган көк асман деп сүрөттөлөт.
16-апрелдин жылнаамасы.