Казакстанда 2 чакырымдан ашык жерде 6 метр тереңдиктеги чуңкур пайда болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, пайда болгон чуңкурдун узундугу 2 чакырымдан ашат. Тереңдиги 5-6 метр, ал эми туурасы 4-5 метрге жетет. Буга чейин жарака кеткен жер "Жас канат" деп аталган жергиликтүү айыл чарба кооперативине баруучу жол болгон. Бирок кыш бүткөндө эриген кардын суусу чөгүп кеткен жолго топтолуп, кийин суу сиңген соң жерден чоң чуңкур пайда болгон.
"Жас канаттын" жетекчиси Анатолий Матасов пайда болгон чуңкурдан улам миң гектарга жакын айыл чарба жерлери менен байланыш үзүлгөнүн билдирген. Ал учурда эки техника менен жолду калыбына келтирүүнүн камылгасын көрүүдө. Бул үчүн бир айга жакын убакыт керектелет.