Парламенттин тийиштүү комитети мектепке окуучуларга смартфон алып келүүгө тыюу салган токтом долбоорун карайт

Бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети мектеп окуучуларына кыска юбка, макияж, жыртык жынсы, смартфон менен сабакка кирүүгө тыюу салуу боюнча токтом долбоорун карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Токтом долбоордун демилгечиси "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Махабат Мавлянова.

Анда кыска юбкалар, көзгө урунган макияждар жана узун тырмактуу маникюрлар менен окуучу кыздарды сабакка кирүүгө тыюу салуу киргизилсин деп жазылган. Ал эми балдарга жыртык жынсы, футболкалар менен сабакка кирүүгө тыюу салуу сунушталган.

“Чалуулар, жооптор, sms” деген функциялуу, бирок интернет-модулдар, ошондой эле фото жана видеокамералар менен жабдылбаган мобилдик телефондорду кошпогондо, менчик формаларына карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын аймактарында мектеп окуучулары тарабынан мобилдик телефондорду же түзүлүштөрдү пайдаланууга тыюу салуу киргизилсин. Мектептин аймагына кирүүдө жоопкерчиликти сактоого мобилдик телефондорду берүүгө жол берилет. Телефондун сакталышы үчүн жоопкерчилик анын ээсине, ата-энелерине, ээсинин мыйзамдуу өкүлдөрүнө гана тиешелүү болору белгиленсин”, - деп жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aiba.8327
2018-04-16 10:13:57
токтотосуз колдош керек бул жагын..эн туура токтом...
+4
jbolotov
2018-04-16 10:38:15
Элда колдойт. Акылы кем ата энелер балдарына кымбат тел алып берип ошону менен жетишкендигин корсотбой соопчулук иштерди кылышса экен, балдар тел алып бузулуп атышат, нетти ачсан эле порно, жыланач бийлегендер жаш балдарга кумир, улгу болууда.
+1
nuri1
2018-04-16 10:57:39
Толк чыкпайт. Жон эле популизм.
0
pat12
2018-04-16 11:06:47
Ата энелер макул эмес.
0
NURSAPAR
2018-04-16 11:37:44
Өтө жакшы болмок балдар да алаксыбай сабакка көңүл бурушмак
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан